Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Үчилтик Иран боюнча сунушту жактырды


АКШ, Россия жана Франция Ирандын атомдук программасы боюнча сунушту жактырышты. Сунуш Ирандын толук байытылбаган уран запастарын азайтууну көздөйт. Батыш ал запастар Тегерандын атомдук курал жасоо боюнча жашыруун программасынын бир бөлүгүн түзөт деп кооптонот. Бирок андай шектенүүнү четке каккан Иран азырынча өз жообун билдире элек. Документке ылайык, Иран уранды Россия жана Францияга жөнөтүп турмакчы. Суюк отунга айландырылгандан кийин ал Иранга тынч максаттарда пайдалануу үчүн кайтарылат.

XS
SM
MD
LG