Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Мигранттарга байланыштуу мыйзам долбоору каралат


Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, эртең 26-октябрда парламенттин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети жыйналып, бир катар мыйзам долбоорлорду карашмакчы.

Алардын арасында “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн статусу жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоору да бар. Мыйзам долбоор боюнча Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Айгүл Рыскулова маалымат бермекчи.

Андан тышкары аталган комитет КМШ өлкөлөрүндө кант диабетинин өсүшүнө байланыштуу мыйзам долбоорун, Бишкек-Ош шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен кызматташууга байланыштуу мыйзамынын аткарылышын карашмакчы. Ошондой эле депутаттар АКШ, Канада, Норвегия, Швеция, Кытай сыяктуу ондогон мамлекеттер менен болгон кызматташтык кандай абалда экендигин талкуулашмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG