Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Чек ара кызматынын жетекчилери бошотулду


Өлкө башчысынын 26-октябрдагы жарлыгы менен Чек ара кызматынын жетекчиси Токтокүчүк Мамытов ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле өлкө башчысынын ушул эле күнкү буйругу менен Чек ара кызматынын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Нишанов, орун басарлар Чолпонбек Турусбеков, Рысбек Мирзаматов, Башкы штабдын начальниги, Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кубаныч Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү алты кызматтын ичине Чек ара кызматы болуп киргизилген.. (AJ)

XS
SM
MD
LG