Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:57

Иран МАГАТЭге жообун бергенин кабарлап жатат


Бул тууралуу Ирандагы "Исна" маалымат агенттиги кабарлады. Анда Бириккен улуттар уюмундагы Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча өкүлүнө шилтеме жасалып, “Иран келишимдин долбооруна МАГАТЭден айрым техникалык жана экономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сураганын” келтирди. Бүгүн бир аз мурдараак Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад өзөктүк программа боюнча Улуттар уюму тарабынан айтылган сунушту жалпысынан колдой турганын билдирген. Ошол эле учурда “талкууга катышкан мамлекеттер дагы көбүрөөк жоопкерчиликти алышын каалай турганын” айткан. Бирок Ахмединежад Венадагы талкуудан кийин Иранга сунуш этилген келишимди колдойбу-жокпу – тактаган эмес. Улуттар уюмунун сунушуна ылайык, Иран уранды өзүндө байытпай, аны Орусияда жана Францияда байытууга жибериши керек.

XS
SM
MD
LG