Өкмөт башчы Данияр Үсөновдун буйругу менен Сүйөркул Бакиров министрликтин статс- катчысы, Алмазбек Примов, Алмасбек Иманалиев министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мүлк министри болуп президенттин жардыгы менен Турсун Турдумамбетов коюлган.(AiT)