Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Петровка окуясы боюнча сот 3-ноябрда уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейинки сот жараянында милиция кызматкерлери көрсөтмө беришкен болчу. Анда милициялардын бири тополоң уюштуруу боюнча БЭКтен буйрук келгени тууралуу маалымат алганын билдирип, аны “С.Аргынбаевдер ишке ашырды” деп каралагандыгын Азимбек Бекназаров билдирген. БЭК Петровка жаңжалында камакка алынгандардын ишинде саясий буйрук бар экенин белгилеп келет. 26-апрелде Петровка айлында төрт жашар кызды күрт улутундагы жигит зордуктап койду деп жаалданган эл айылдагы күртөрдүн көчүп кетишин талап кылган. Тополоңду уюштурду деген шек менен Сапар Аргынбаев, Эркин Бөлөкбев жана Уран Рыскуловдор камакка алынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG