Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:10

Барскоондо ат чабыш боюнча фестивал ачылды


Бул туурасында “Азаттыкка” иш чараны уюштуруу комитетинин мүчөсү Ишен Оболбеков билдирди. Учурда Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунан келген аттар ветеринарлар тарабынан тешерилип жатат. Азырынча жарышка чыкчу 15 ат тандалган. Алар эртең 35 километр аралыкка чабылат. Бүгүн болсо жергиликтүү тургундар төкмө акындар коштогон концерттик программага, кызыктуу түркүн ат оюндарына күбө болууда.

Ат чабыш “Кыргыз аты” мекемесинин демилгеси менен көчмөн кыргыздардын салтына арналган 4-фестивалдын алкагында өткөрүлүп жатат. Фестивалдын негизги максаты – ат менен байланышкан кыргыз маданиятын кайра жандандыруу. Ат чабыш эртең жыйынтыкталып, байгелер ыйгарылат.(AzK)

XS
SM
MD
LG