Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Украинада чочко тумоосу жайылууда


Украина дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн чочко тумоосуна каршы күрөштө жардам берүүнү сурады. Бир жуманын ичинде өлкөдө 60тай киши дем алуу органдарынын ооруларынан каза тапты. Виктор Ющенконун кеңсеси жасаган билдирүүгө ылайык, мамлекет башчы АКШ, Европа Биримдиги, НАТО жана Украинанын коңшуларына кайрылып, H1N1 вирусунун жайылышына бөгөт коюуу үчүн дары-дармек, жабдыктар жагынан көмөктөшүүгө үндөгөн. Прездинттин кеңсеси ошондой эле өлкө Швейцариядан 16 тонна Тамифлу дарысын заказ кылганын маалымдады. Польша жана Словакия Ющенконун чакырыгына жооп иретинде Украинага маска жана Тамифлу жиберишти.

XS
SM
MD
LG