Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Иран уран боюнча макулдашуу долбоорун техникалык жактан текшерүүнү көздөйт


Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучекир Моттакинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Улуттар уюмунда даярдаган макулдашуу долбоорун алар техникалык комитеттин иликтөөсүнөн өткөрүүнү көздөйт жана андай комитетти түзүү жөнүндөгү өтүнүчүн эки күн мурда МАГАТЭ уюмуна жолдоду.

Ал эми долбоорго ылайык, Иран аз байытылган уран корунун көбүн өзөктүк реактордо отун катары пайдаланууга жарагыдай кылып байытыш үчүн Орусия менен Францияга жөнөтүүсү керек. Кошмо Штаттар да колдогон бул cунуштун максаты – Иранда байытылган уран корунун топтолушун азайтуу жана ал материалдар өзөктүк бомба жасоо үчүн пайдаланылып кетишин алдын алуу.

Иран тышкы иштер министри Манучекир Моттакки бүгүн Малазиянын борбору Куала –Лумпурда жүргөн жеринен анын өлкөсүнүн “уран байытууну улантуу” ниети бар экенин да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG