Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Европа Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө дилгир эмес


Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозонун ырастоосунда, АКШ президенти Барак Обама Ооганстанга кошумча аскер жиберүүнү чечкен күнү да, Европа өлкөлөрү өз контингенттеринин санын көбөйтпөшү мүмкүн. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө калктын басымдуу бөлүгү аскерлердин Ооганстандан чыгарылышын жактырат. Кошумча аскер жиберүү маселеси НАТОнун тышкы иштер министрлери эмки айда өткөрө турган жыйында талкууланмакчы. Ушу тапта Ооганстанда коалициянын курамында шериктердин 42 миңдей жоокери кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG