Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

И. Исаковдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берет


Биринчи Май райондук сотунда бүгүн боло турган соттук териштирүүдө күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү уланат. Мурдагы жараянда көрсөтмө берген күбөлөр мурунку коргоо министринин иш-аракеттеринен эч кандай мыйзамсыздык көрө алышпаганын белгилеп, И. Исаковго жетекчи катары оң баа беришкен.

Белгилүү болгондой, БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү И. Исаковго коргоо министри болуп иштеп турган кезинде мамлекетке зыян келтирген деген айып тагылууда. Ага карата кылмыш иши ал Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, баш тарткандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG