Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Эртең өлкө футбол чемпионатынын финалы болот


9-ноябрда Кант шаарында өтө турган финалдык оюнда Нарындын «Дордой-Динамо» командасы менен Канттын «Абдыш-Ата» командасы беттешмекчи.

Кыргызстандын быйылкы чемпионатында Жогорку Лигада биринчи айлампада 9 команда күч сынашып, алдыңкы орундагы төрт команда экинчи айлампада ойноого укук алган. Учурда экинчи айлампада Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы алдыда баратат. Алар финалдык экинчи этапта 11 упай топтоого жетишти.

Экинчи орунда келаткан Канттын «Абдыш-Ата» командасы 8 упайга ээ.

«Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» футболчулары чемпионаттын ирети боюнча 7-ноябрда беттешмек. Бул беттешүүдө да кыргызстандык калыстардан калпыстык кетип калуусу, дагы чыр-чатактын чыгып кетүүсү кооптондургандыктан оюн 9-ноябрга жылдырылып, чет өлкөлөрдөн атайын калыстар чакырылган.

Эгерде Нарындын «Дордой» командасы менен Каттын "Абдыш-Атасы" бул беттешүүдө тең чыкса, анда “дордойчулар” алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат.

Чечүүчү оюнда «Абдыш-Ата» командасы «Дордойду» утуп алса, анда экөөнүн упайлары тең болуп, чемпиондукту чечүү үчүн кайрадан беттешүү өткөрүлөт. (IJz)

XS
SM
MD
LG