Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

АКШнын ички коопсуздук министри мусулмандарга каршы маанай жөнүндө эскертти


Жанет Наполитанонун айтымында, АКШда мусулмандарга каршы маанай ушул аптада Техастагы аскерий базада орун алган трагедияга байланыштуу өсүүсү мүмкүн. Андыктан ички коопсуздук министрлигинин кызматкерлери терс кесепеттерге жол бербөө чараларын бир катар коомдук уюмдар менен талкуулоодо. АКШнын ички коопсуздук министри бул тууралуу бүгүн Бириккен Араб Эмираттарынын борбору – Абу-Дабидеги сапары учурунда айтты. Ушул бейшемби күнү Нидаль Малик Хасан ысымдуу майор жана аскерий психиатр Техас штатындагы Форд-Хут базасынын медициналык борборунда ок чыгарганда 13 киши каза таап, 29 адам жаракат алган. Теги боюнча палестиналык Хасандын өзү жооп ирээтинде атылган октон оо жарадар болду жана учурда ооруканада дарыланууда. Хасан мындайга эмне себептен барганы белгисиз. Бирок кабарларга караганда, ал АКШнын Ирак менен Ооганстандагы операцияларынын келечегине ишенбөөчүлүк билдирген.

XS
SM
MD
LG