Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Boeing 737-200 үлгүсүндөгү учактар текшерүүдөн өтөт


Бул үчүн Англиядан атайын адистер келе жатышат, деп билдирди КР жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Настаев жергиликтүү аба компанияларынын жетекчилерине. Анын маалыматы боюнча чет элдик адистердин Кыргызстандын аба компанияларына таандык учактардын техникалык абалын текшерүү бир жумага созулат.

Белгилүү болгондой КР жарандык департаменти Кыргызстандагы аба компанияларына Boeing 737-200 үлгүсүндөгү учактар менен Эл ташууга тыюу салган. Департаменттин бул чечимин 16-октябрда сот жокко чыгарган болчу. Акыркы эки жыл ичинде бул үлгүдөгү учактар техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам абага көтөрүлө албай, көтөрүлсө кайра конууга аргасыз болгон учурлар катталган. Өткөн жылы 24-августта Бишкек-Тегеран багытындагы кыргызстандык “Итек эйр” аба компаниясына таандык Boeing 737-200 учагы “Манас” аэропортунан көп узабай кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза таап, ондогон адам жаракат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG