Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

А. Жоробеков: Жаштар сыйлыгынын статусун көтөрөбүз


Жаштар департаментинин төрагасы Айдар Жоробеков “Азаттыкка” мамлекеттик жаштар сыйлыгынын бүгүн тапшырылбай калгандыгына байланыштуу түшүндүрмө берди. “Бул жолу мамлекеттик сыйлык үчүн өз күчүн сынагысы келген жаштардан түшкөн арыздар саны араң 100дөн ашты. Быйыл жаштар үчүн каралчу мамлекеттик сыйлыкка Чыңгыз Айтматовдун наамы ыйгарылгандан кийин, сынакты кеңири масштабда өткөрүү чечими кабыл алынды. Андыктан биз жаштар сыйлыгынын статусун көтөрүү аракетиндебиз”, – деп билдирет Айдар Жоробеков. Анын айтымында, мамлекеттик структурада болгон акыркы өзгөрүүлөрдөн улам өкмөттүн токтому менен дайындалган сынак жеңүүчүлөрүн аныктоочу комиссиянын кээ бир мүчөлөрү тарап кетиши да мамлекеттик сыйлыктын тапшырылышынын кечеңдешине себеп болду.(EK)

XS
SM
MD
LG