Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

“Ак жол” фракциясы өлүм жазасынан баш тартууга каршы болууда


Бүгүн “Ак жол”фракциясы “Өлүм жазасынан баш тартуу боюнча эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулуу жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Бул маселе боюнча адилет министри Нурлан Турсункулов баяндама жасады. Ал Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга 1994-жылы кошулганын, эми Кыргызстандын алдында бул пактынын өлүм жазасынан баш тартуу боюнча экинчи факультативдик протоколуна кирүү маселеси тургандыгын билдирди.

Талкунун жүрүшүндө Раиса Сидоренко, Аскар Салымбеков, Эрнест Акрамовдор бул протоколго кошулууга каршы экендиктерин билдиришти. Алар муну жабырлануучулардын да укуктары, кызыкчылыктары эске алынуусу керектиги менен негиздешти. Алар өлкөдөгү мыйзамдардын гумандаштырылуусу кылмышкерлерди кайра-кайра кылмыш жасоого шарт түзүп жатканын белгилешти. Жыйынтыгында бул маселе көпчүлүк ак жолчулардын колдоосуна ээ болгон жок.

XS
SM
MD
LG