Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Р.Отунбаева фракцияны жетектөөгө киришти


Социал-демократиялык фракциянын лидерлигине бүгүн шайланган Роза Отунбаева фракциянын ишин жетектөөгө киришти. Учурда фракциянын иштери менен таанышууда. Бул тууралуу Роза Отунбаева “Азаттыка” билдирди.

Роза Отунбаева мурда Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. 2007-жылкы парламенттик шайлоодо ал Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Роза Отунбаева оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын да мүчөсү.

СДП фракциясын буга чейин жетектеп келген Бакыт Бешимов быйылкы президенттик шайлоодон кийинки бийликке карата айткан сын-пикирлери үчүн өмүрүнө коркунуч туулганынан улам өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Расмий Бишкек болсо анын айыптоосун четке каккан. Бакыт Бешимов президенттик шайлоодо оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG