Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Пакистандагы бүгүнкү кол салуулардан он алты кишинин өмүрү кыйылды


Автоунаа айдаган жанкечтинин өлкөнүн түндүк –батышындагы Пешевар шаарында Пакистандын башкы чалгын мекемеси пайдаланган имаратты бутага алганда, кеминде он киши каза тапты. Бүгүн эртең менен жасалган кол салуудан дагы 55 киши жаракат алган жана үч кабат имарат дээрлик талкаланды. Пешевардагы чабуулдан көп өтпөй эле автоунаа айдаган дагы бир жанкечти Пакистандын уруулар жашаган жарым автономдуу чөлкөмүндөгү Бака Хел шаарчасында полиция бекетин сүзүп, алты адамды мерт кылды. Бул чабуулдан 30дай киши жаракат алды. Согушкерлер Пакистан армиясынын өткөн айда Ооганстан менен чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө башталган чабуулу үчүн өч алуу максатында соңку кездери кол салууларын күчөттү.

XS
SM
MD
LG