Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Казак президенти калк менен түз баарлашты


Нурсултан Назарбаевдин жума күнкү маеги сыналгыдан, үналгыдан жана интернеттен чагылдырылды. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарына ылайык, уюштуруучулар алдыңкы бир жумада калктан 30 миңден ашык суроо, сунуштар алынгандыгын билдиришти. Биринчи суроону алматылык ишкерлер берип, глобалдык кризистин казак экономикасына кесепети туруалуу билгилери келди. Назарбаев аларга «Казакстан финансылык кризиске туруштук бере алат» деп ишендирди. Талдоочулар суроолор адатта өкмөт тарабынан даярдалып, президентке алдын-ала берилээрин айтышат.

XS
SM
MD
LG