Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Петровка жаңжалы боюнча сот 17-ноябрда уланат


Адвокат Александр Типеровдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда бул күнү күбөлөр суралат. Бир нече аптадан бери сот сурап жаткан күбөлөрдүн катарында айыптоочу тараптан 312, айыпталуучу тараптан 15 күбө катталган. Петровка жаңжалы боюнча алты киши айыпталууда. Алардын катарында "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Улан Рыскулов уюштуруучу катары айыпталып, 26-апрелден бери камакта отурушат. Булардан тышкары айыпкерлердин катарында күрд улутундагы эки, татар улутундагы бир жаран бар. Петровка айылында жазында жергиликтүү күрд улуту менен кыргыз, орус улуттарынын ортосунда жаңжал чыгып, үйлөр талкаланып, жол тосуу болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG