Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Римде ачарчылыкты азайтууну көздөгөн саммит ачылды


Италия башкалаасында бүгүн ачылган саммит дүйнөнүн ушу тапта ачарчылыктан жапа чеккен жүз миллиондогон тургундарына жардам берүүнү көздөйт.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму өткөрүп жаткан үч күндүк саммитке алтымыштай өлкөдөн мамлекет башчылар, айыл-чарба министрлери, башка расмий өкүлдөр чогулду. Бирок Чоң сегиздин тобуна кирген өнөр –жайлуу мамлекеттерден бир гана Италиянын премьер- министри Сильвио Берлускони гана катышары күтүлүүдө.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун саммитин ачылышындагы сөзүндө бүгүнкү азык –түлүк кризиси, эртеңки күн үчүн коңгуроо экенин белгиледи.

БУУнун азык –түлүк уюмунун эсептөөлөрүнө караганда, глобалдык кризистен улам соңку жылдары ачарчылыктан жапа чеккен адамдардын саны өстү. Быйылкы жылдын жыйынтыгында тамак –ашка муктаждардын катары 100 миллионго көбөйүп, алардын жалпы саны 1 миллиард адамдан ашып кетүүсү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG