Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Ошто чочко тумоосуна кабылган кыз ооруканадан качып кетти


Өзүн Н.К. деп тааныштырып, ОшМУнун биология факультетинин 4-курсунда окугандыгын жана шаардын тургуну экендигин билдирген 21 жаштагы кыз эти ысып, акыбалы оорлошкондуктан 12-ноябрда калаадагы аймактык оорукананын жугуштуу дарттар бөлүмүнө жаткырылган. Эки күндөн кийин чыгарылган анализдин жыйынтыгы анын чочко тумоосуна кабылгандыгын ырастаган. Бирок ошондон бери ал кыздын дайыны жок. Дарыгерлер дареги боюнча иликтеп барып, аталган университетте мындай студенттин жоктугун жана көрсөтүлгөн даректе анын жашабагандыгын бышыкташты. Сыягы, саламатчылыгы жакшырганда үйүнө кетип калган өңдөнөт. Бул туурасында Ош шаарынын башкы санитардык дарыгери Уулкан Каратаева «Азаттыкка» маалымдады.

Буга чейин түштүк борборунда беш жашар кыз А/H1 N1 вирусун жуктуруп алгандыгы тастыкталган эле.(ATo)

XS
SM
MD
LG