Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Орусияда автоунаа ээлери нааразылыкка чыкты


“Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, автоунаа ээлери бүгүн нааразылыка отузга жакын шаар менен шаарчаларда чыгышты. Мунун алдында өткөн жума күнү Орусиянын Мамлекеттик думасы унаа салыгын, жол акысын, автоунааны каттоого тургузуудагы төлөмдөрдү эки эсеге көбөйтүүчү мыйзамды кабыл алган эле. Нааразылыкка чыккандардын айтымында, мындай чара мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтпөйт, тескерисинче социалдык чыңалуу жана жаңы нааразылык акцияларын жаратат. Орусиянын автоунаа ээлери федерациясынын өкүлү Сергей Канаевдин “Азаттыкка “ билдиргенине караганда, алардын уюму парламент чечимин сотко берет.

XS
SM
MD
LG