Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Кыргыз-өзбек чек арасы ачык


КР тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, өзбек тарап бул боюнча эч кандай расмий маалымдама берген жок. Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүүчү түйүндөр кадимкидей эле иштеп жаткандыгын КР чек ара кызматынан да "Азаттыкка" тастыкташты.

Айрым маалымат каражаттары Өзбекстан чочко тумоосунан сактануу үчүн коңшу мамлекеттер менен чек арасын жапканы тууралуу жазып чыгышты. CA-News aгенттигинин Ташкенттеги бажы башкармалыгынын маалыматына таянып жазганы боюнча Өзбекстандын Казакстан менен чек арасы чочко тумоосунун алдын алуу максатында 15-ноябрдан тарта белгисиз мөөнөткө жабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG