Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Өзбекстанда мусулман аялдар камакка алынды


"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, өлкөнүн түштүгүндөгү Карши шаарында ушул айдын башынан тарта 30 чакты аял кармалды. Акыркылардын бири болуп Каршинин Көк күмбөз мечитинде динден сабак берген 40 жаштагы Мехринисо Хамдамова абакка түштү. Хамдамованын кызы Латофат Арзыкулова "Азаттыкка" 5-ноябрдын таңында полиция жана коопсуздук кызматкерлери Хамдамованын үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн билдирди. Арзыкулова ушул эле күнү Хамдамованын бир тууган сиңдиси, келини, дагы башка тууган аялдар камакка алынгандыгын кошумчалады. Хамдамовага «диний жамааттарды» түзүп, аларга жаштарды үгүттөгөн деген айып коюлууда.

XS
SM
MD
LG