Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Кыргыз дарыгерлер делегациясы Стамбулда болуп кайтышты


Аптанын башында Кыргызстандан дарыгерлер делегациясы Стамбулда Евразия жана Балкан жарым аралындагы медицина жаатын өнүктүрүү маселелерине арналган конференцияга катышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда Кыргызстандын Улуттук гемотология борборунун жетекчиси, профессор Абдухалим Раимжанов сөөк чучугун алмаштыруу боюнча кыргыз медицина кызматкерлеринин тажрыйбасы менен тааныштырган. Мындай операция түрк дарыгерлери менен биргеликте Борбордук Азияда биринчи жолу жасалып олтурат. Мындан тышкары конференцияда рак илдети, жүрөк кан-тамыр оорулары, неврологиялык дарттарга каршы күрөшүүдөгү жетишкендиктер, өлкөлөрдөгү кадрлардын даярдалышы өңдүү маселелер талкууланды.

Иш чаранын негизги максаты- өз ара маалымат алмашуу, медицина жаатында өлкөлөр аралык кызматташууну уюштуруу, заманбап медициналык технологияларды ишке киргизүү, Түркия мамлекетинин саламаттыкты сактоо тармагы менен таанышуу болуп саналат. Конференцияга 12 өлкөдөн келген дарыгерлер катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG