Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

«Next FM» радиосунун кулачы кеңейди


Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта “Next FM” радиосунун угармандары көбөйдү. Бул радио Талас шаарында гана эмес Бакай-Ата, Талас, Манас жана Кара-Буура райондорунда да жаңыра баштады. Радионун жетекчиси Айбек Турдалиевдин билдиришинче, алар ЕККУнун Бишкектеги борбору тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде радио уктуруулардын мейкиндигин кеңейтүү үчүн керектүү агрегаттарды сатып алышкан. Эскерте кетсек, радио FM 102,6 толкуну аркылуу обого чыгат. Май айынан тарта «Next FM » ЕККУнун Бишкектеги борбору менен Таластагы Медиа борбор аркылуу иштешип келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG