Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Иран өзөктүк отун боюнча сунушка соңку жообун бере элек.


Бул тууралу бүгүн МАГАТЭнин башчысы Мохамед эл-Барадейи билдирди. Ал бүгүн Берлинде жүргөн жеринен айтканына караганда, ал Иран менен өзөктүк отунду байытууну караган келишим жыл аягына чейин түзүлөрүнө үмүттөнөт. БУУнун ортомчулугу астында өткөн сүйлөшүүлөрдө Иранга өзөктүк отун катары пайдалануучу уранын өлкө аймагынан тышкары жакта байытууну караган келишим долбоору сунуш кылынган. Бирок Иран азырынча ал планга акыркы, жазуу жүзүндөгү жообун бере элек. МАГАТЭнин башчысы бүгүн Иранды сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакыруу менен мындай деди:

-Биз сунушубузга Орусия, АКШ, Франциядан оң жооп алдык. Алар жардам берүүгө даяр жана бул, менин көз карашымда, санкциялар менен каршылашуудан өз ара ишеним кырдаалын жаратуу жараянына өтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү.

Ирандын уранын сыртта байытууну караган келишим Батыш өлкөлөрүнүн Тегеран өзөктүк программасына жамынып алып өзөктүк курал жасап жатат деген тынчыздануусун басаңдатууну көздөйт. Иран мындай айыптарды четке кагып келүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манчекир Моттакинин ушул аптадагы билдирүүсүнө караганда, алар кошумча сүйлөшүүлөргө даяр жана уранды өзөктүк отунга алмаштыруу боюнча сунуштарды да карайт.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш туруктуу мүчөсү менен Германиянын өкүлдөрү учурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн бүгүн Брюсселде жолукту.

XS
SM
MD
LG