Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Кытайда шахтыдагы жарылууда курман болгондор саны 100дөн ашты


Кырсык 21 - ноябрь күнү өлкөнүн түндүк –чыгышындагы Хэган шаарында болгон. Андан бери дегенде 104 адам каза тапты. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражатарынын кабарларына караганда, жарылуу учурунда жер алдында 500дөй кенчи жүргөн. Куткаруучулар урандылар алдында калды деп эсептелгендерди али издөөдө. Ал эми аман калгандардын айтымында, жарылуу газдын топтолуусунан улам болгон, Курмандыктардын санын эске алганда, бул жарылуу - Кытайдын тоо-кен өнөр-жайында акыркы эки жыл ичи катталган эң ири кырсык.

XS
SM
MD
LG