Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Энергетикалык компаниялар текшерилет


Бул тууралуу өкмөт башчы Данияр Үсөнов бүгүн өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтуусунда буга чейин энергетика тармагынын бир катар райондук ж.б жергиликтүү жетекчилери ишине шалаакы мамиле кылгандыгы үчүн кызматынан алынды. Өкмөт башчы кыш мезгилинде суук катаал болуучу алыскы аймактарда: Чаткал, Чоң-Алай, Ат-Башы, Кара-Кулжа, Ак-Талаа райондорунда, Нарын шаарында, Токтогул районунун айрым айылдарында электр энергиясын өчүрүүнү токтотууну буйруду. Мындан тышкары электр энергиясы жалпы өлкө боюнча мектеп, ооруканаларда, интернаттарда өчүрүлбөсүн жарыялады.

Белгилүү болгондой электр энергиясын үнөмдөө максатында 1-октябрдан тартып, түнкү саат 12ден тартып 5 саат убакыт калкка электр кубаты берилбейт.

Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12, 434 млрд. метр куб.(ZKo)

XS
SM
MD
LG