Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

СПИД илдетин аныктоочу лаборатория ишке кирет


ВИЧ-инфекциясын жана башка жугуштуу ооруларды аз убакытта иликтеп, аныктоочу эпидемиологиялык лаборатория Жалал-Абат шаарында курулду. Аталган лаборатория 2010-жылдан тарта ишин баштамакчы. Бул тууралуу СПИДден сактануу боюнча эки күндөн бери жүрүп жаткан Улуттук форумда айтылды. Эпидемиологиялык лабораториянын курулушу Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
Республикалык СПИД борборунун маалыматы боюнча бүгүнкү күнү ВИЧ инфекциясына кабылган 540 киши катталды, мунун ичинен бул илдетти жуктургандардын көпчүлүгү - 234 киши Чүй облусунда. Бейөкмөт уюмдар ВИЧ инфекциясына кабылгандардын бейрасмий саны он эсе көп деп белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG