Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Чочко тумоосун жуктургандар жетимишке жетти


Бул тууралуу Cаламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Төлөн Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча азырынча ооруну жуктургандардын көптүгү жагынан Бишкек, Ош шаарлары, Чүй облусу алдыда. Булардан тышкары бардык облустарда үчтөн-төрттөн оорулуулар катталган. Коркунучтуу илдетке каршы мурда бекитилген план боюнча иш жүргүзүлүүдө, чочко тумоосуна каршы вакциналар декабрь айында апкелинет. Белгилүү болгондой сасык тумоонун күч алышынан улам апта башында Бишкектеги орто мектептерде сабактар бир жумага токтотулган. Ушундай эле абал айрым райондордо да бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG