Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Президент Кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду


Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Курман айт майрамы менен куттуктоосунда, “Ар бирибизге өтө кадырлуу бул маараке мусулман баласы үчүн ыйык руханий дөөлөттөрдүн туу чокусу болуп саналат.Кылымдар бою калыптанып келген айкөлдүк жана боорукердик, кечиримдүүлүк жана ак ниеттүүлүк, сабырдуулук жана башка адамгерчилик касиеттер азыр да мамлекетти өнүктүрүүнүн бекем пайдубалы болуп, достукту, элдер жана диний конфессиялар ортосунда тынчтыкты чыңдоого кызмат кылууда. Диний жана улуттар аралык ынтымак, бардык конфессиялар менен улуттардын маданиятына, салттарына урматтоо мамилеси Кыргызстандын гүлдөшүн жана жыргалчылыгын камсыз кылат”,- деп айтылат.
Ал ошондой эле бүгүн Мекеде зыяратчылыкта жүргөн мекендештирин парзын өтөп, эл-жерине аман-эсен кайтып келишин тилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG