Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Электрге баа көтөрүүнүн 2-этабы өткөрүлбөйбү?


"Кыргызстанда электр кубатына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы болбой калышы мүмкүн",-деп вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова Борбор Азияда социалдык коргоо боюнча өткөрүлгөн аймактык конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, отун-сууга тарифтерди жогорулатуунун 1-этабы келерки жылдын 1-январынан башталат. Ал ошондой эле өлкөдөгү 536 миң пенсионердин 512 миңине өкмөт компенцация берип, социалдык колдоого муктаждарга жардам берилерин белгиледи. Электр кубатына жана жылуулукка тарифтерди көтөрүү боюнча өкмөттүн кабыл алган токтомунда 2010-жылдын 1-июлунан баштап электр кубаты 1 сом 50 тыйындан 1 сом 90 тыйынга, жылуулук он эсеге кымбаттамак.(AJ)

XS
SM
MD
LG