Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

Э.Каптагаевдин кылмыш иши сотто кыскартылды


Каракол шаардык соту “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмил Каптагаевдин кылмыш ишин кыскартты. Бул тууралуу Э.Каптагаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Э.Каптагаевге козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигинен жана аны жоопко тартуу кеч болуп калгандыктан улам сот кыскартууга барды. Мындан сегиз жыл мурда Эмил Каптагаев Ысык-Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары болуп иштеп турганда “Кумтөрдүн” алдындагы Өнүктүрүү корундагы каражатты максатсыз пайдаланган делип 2002-жылы кылмыш иши козголуп, 2004-жылы токтотулган. Каракол шаардык соту анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин кйрадан жандандырып, ушул жылдын 26-январында сот жараянын баштаган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG