Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

“Жыйындар тууралуу” мыйзам долбоор талкууланды


Бүгүн Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү иштеп чыккан эркин жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоор талкууланды. Бул долбоордун азыркы мыйзамдан айырмасы жөн гана “Жыйындар тууралуу” деп аталат жана ал Баш мыйзамга ылайык жарандардын эркин жыйналуусун чектебейт. Долбоор Венеция комиссиясынын сынынан өтүп жактырылган. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын пикиринде, долбоор боюнча Жогорку Кеңештин макулдугун алуу оор болуп калышы ыктымал. Азыркы мыйзам боюнча тынч жыйындарга чогулгусу келген жарандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө он эки күн мурун маалымдашы керек жана мындай иш-чаралар белгилүү гана жайларда өткөрүлөт. Айрым укук коргоочулар мындай талаптар Конституцияга каршы келерин айтып келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG