Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Өзбекстан бирдиктүү энергетика системасынан чыга элек


Бул тууралуу “Улуттук электр түйүндөрү” ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Мурат Дурусалиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан бирдиктүү электр системасынан чыгуу боюнча 1-ноябрда кыргыз тарапка билдиришкен. “Учурда бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде Өзбекстан чындап эле бирдиктүү электр системасынан чыгып кетсе Кыргызстандын Сүлүктү шаары, Баткен облусу, жалпысынан түштүк аймагына оор кырдаалды түзүшү мүмкүн”,-дейт М.Дурусалиев.

Айрым маалымат каражаттары 1-декабрдан баштап Өзбекстан “өз өлкөсүнүн энергетика коопсуздугун камсыз кылуу” үчүн аймактык энергетика системасынан чыгаарын жазып чыгышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG