Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:44

Бүгүн фракциялардын жыйыны болот


Парламенттеги “Ак жол”, Социал-демократиялык жана Коммунисттик фракциялардын жыйынында Нурлан Турсункуловду Башкы прокурорлукка жана төрт талапкерди Жогорку Соттун судьялыгына дайындоого макулдук берүү маселеси каралат. Андан сырткары Толкун Бекбулатованы Акыйкатчынын орун басарлыгына дайындоого макулдук берүү маселеси да бар.Депутаттар ошондой эле фракцияларда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун да карашат.(AiT)

XS
SM
MD
LG