Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

СПИД дартына чалдыккандарга жардам эл аралык уюмдардан келет


“Матрица 2005” коомдук фондунун менеджери, ВИЧ инфекциясын алып жүргөн Нурлан Шонкоровдун “Азаттыкка”билдиришинче алар дары-дармектерди эл аралык уюмдардын жардамы менен алышат. “Мисалы, биз дарыларды Глобалдык фонд аркылуу алып келебиз. Жакынкы убактан бери биз антиретровирустук терапия менен дарыланып жатабыз. Бул вирустун көбөйүп кетпешин камсыз кылат. Адистердин тешерүүсүнөн кийин ар бир каалоочу мындай ыкма менен акысыз дарылана алат”,-дейт Шонкоров. Анын айтымында СПИД илдети өлкөдө алгач каттала баштаган учурда дарылануунун жылдык курсу 100 миң доллардай болчу. Учурда жылдык дарылануу курсу бир жарым, эки миң долларды түзөт.
Расмий маалыматтарга караганда, 1-декабрга карата ВИЧ/СПИД илдети менен катталгандардын саны өлкөдө 2671 адамга жетти.(AzK)

XS
SM
MD
LG