Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

“Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндөгү” мыйзам долбоору жактырылды


Бүгүн “Ак жол” фракциясы “Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” эки мыйзам долбоорун карап жактырды. Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Назгүл Ташбаеванын билдиришинче бул мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы - аз камсыз болгон үй бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтөт жана балдар жакырчылыгын кыскартууга көмөк көрсөтөт. Бул жерде айыл өкмөтөрүндө комиссияларды түзүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да жоопкерчилигин жогорулатуу маселеси каралган.
Назгүл Ташбаеванын депутаттарга берген маалыматына караганда, “Мамлекеттик жөлөк пул жөнүндөгү” жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен 2010-жылга карата жөлөк каражатын төлөөгө 2180, 2 миллион сом керек болот. 2010-жылга карата бюджеттин долбоору боюнча бул максатта 1595,7 млн. сом каралган. Ошондо дагы талап кылынчу сумма 584,5 млн. сомду түзүп калат. (AzK)

XS
SM
MD
LG