Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20

Киевде бүгүн Евробиримдик –Украина саммити өтөт


Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо баштаган европалык расмий өкүлдөр саммите Украинадан газ боюнча Орусия менен бир жыл мурдагыдай чатак кайталанбай турганына кепилдик алууну көздөчүдөй. Анткени эки тараптын чатагы кычыраган кышта миллиондогон европалыктарды жылуулуксуз калтырган болчу. Ошондой эле Евробиримдик Украинаны зарыл реформаларга, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшкө жаңы дем берүүгө чакырары күтүлүүдө. Украин тараптын керек реформаларды учурунда ишке ашыра албагандыгы Украина –Евробиримдик шериктештиги келишими түзүлүүсүн кийинкиге калтырды. Бул документ Украинанын Евробиримдикке мүчө болуусун көздөй кадам катары каралган. Ал - глобалдык каржы кризистен катуу жапа чекке өлкөлөрдүн бири. Бирок Эл аралык валюта кору жакында Киев реформаларды ишке ашыра албаганынан улам жалпы суммасы 16,4 миллиард доллар келген насыя программасын убактысынча токтотуп койду.

XS
SM
MD
LG