Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Роза Отунбаева сотторду адилеттүү болууга чакырды


Парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Соттун судьяларын шайлоо маселеси каралды. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиева баяндама жасап, судьялыкка Нургүл Алыбаева, Кадычахан Апаитова, Камил Осмоналиев жана Рахимберди Салиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыгын билдирди. Коммунисттер фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев сотторду адилеттүүлүккө чакырып, аларды дайыма окутуп туруу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Социал-демократтар фракциясынын төрайымы Роза Отунбева Балыкчыдагы сотту калыс чечип берүүнү суранды. “Балыкчыда сот бүтүп жатат. Ал жакта балдар жөн эле кармалып жатат. Биз чоң сында турабыз. Бул сиздердин чечимден көз каранды. Сот адилеттүү болсун”, - деди Р. Отунбаева. (КЕ)

XS
SM
MD
LG