Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Ирак өкмөтү кечээки теракттар үчүн Ал-Кайида жооптуу деп эсептейт


Ирак бийликтери Багдадда кечээ болгон бир нече жардыруунун артында Ал-Кайиданын согушкерлери турат деп шектенүүдө. Кол салуудан кеминде 127 киши набыт болуп, 500дөн ашууну жараат алган. Бул октябрдан берки эң ири теракт болду. Анда жүк ташуучу машинага коюлган эки бомба 155 адамдын өмүрүн кыйган. Парламент кечээки жардырууга байланыштуу өкмөттүн коопсуздук чараларын сынга алды. Депутаттар премьер-министр Нури Ал-Маликини жана бир катар министрлерди шаршембиде чукул сессияга келип, суроолорго жооп берүүгө үндөштү. Вашингтон бул карасанатайлыкты катуу айыптады. Вице-президент Жо Байден Ирактын президентине жана өкмөт башчысына телефон чалып, АКШнын атынан көңүл айтты. Соңку 18 айдын ичинде Иракта зордук-зомбулуктун азайганы байкалган. Бирок өкмөт жана АКШ армиясынын өкүлдөрү эмки жылдын башына белгиленген жалпы шайлоонун алдында кол салуулар күчөшү ыктымал деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG