Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Талды-Коргондо мугалим хиджаб менен мектепке киргизилген жок


Казакстандын Талды-Коргон шаарындагы орто мектептердин биринин география сабагынын мугалими Аида Декебаевага мектеп жетекчилиги аны хиджаб кийип балдарды окутууга тыюу салды. Мектеп директору Гүлнара Муратбекованын «Азаттыкка» маалыматы боюнча, мектепте жакында кабыл алынган уставга ылайык эми мектепте хиджаб кийип жүрүүгө болбойт. Бирок Аида Декебаева бул уставдын юридикалык күчкө ээ экенине күмөн санап, прокуратурага кат менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG