Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Адам укуктарын сактоо күнү Акыйкатчы жыйын өткөрдү


Мамлекеттик тарых музейинде өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, укук коргоочулар катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Зайнидин Курманов адам укуктарына байланыштуу жакшы мыйзамдар бар экенин, маселе аларды аткарууда экенин белгиледи. Ал эми Социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева адам укуктарын сактоо өлкө артка кеткенин атады.Акыйкатчы Турсунбек Акун өз сөзүндө Акыйкатчы институту саясатка аралашпай, укук коргоо багытында олуттуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле митинг, пикетке чыккандарды куугунтуктоо, сабоо өлкөгө аброй алып келбесин, оппозиция лидерлерине байланыштуу соттор чечим чыгарганга чейин аларды айыптоо туура эместигин кошумчалады. Акыйкатчы кыргыз калкын бүгүн белгиленип жаткан Адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык күн менен да куттуктай кетти.(AiT)

XS
SM
MD
LG