Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

А. Алиевдин өлүмү боюнча иш шаардык сотко кайтарылды


Бул ишти бүгүн караган Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечимдерин жокко чыгарып, сот тарабынан акталган Шавкатбек Жунусовду кайрадан камоого өкүм чыгарды. ИИМдин баңзаттар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу Ош ИИБнын төрт кызматкери: А. Эргешбаев, М. Тажибаев, К. Исмаилов жана Ш. Жунусов айыпталып, камакка алынышкан. Свердлов райондук соту үстүбүздөгү жылы 9-июнда А. Эргешбаевди өмүр бою, калгандарын 25 жылдан эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Андан кийин Бишкек шаардык соту Ш. Жунусовду актаган чечимин чыгарган болчу. Жогорку соттун бүгүнкү чечимине ылайык Ш. Жунусов сот залынан кайрадан камакка алынды.

ИИМдин баңзаттар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Анвар Алиевди 2008-жылы 4-августта белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG