Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Коомдук парламенттин талабы


Коомдук парламенттин кечээги (15-декабрдагы) отурумунда Энергетика жана тариф саясаты боюнча маселени талкуулап бийликке бир катар талаптарды койду. Биринчи талап: электр энергиясына жана жылуулук менен камсыз кылууга жаңы тарифтерди бекиткен өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу, экинчиден жарандык коомдун уюмдарынын катышуусу менен электр жана жылуулук энергиясына карата негизделген саясат иштеп чыгуу, үчүнчүдөн массалык маалымат каражаттарында электр энергиясынын, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуунун өздүк баасын эсептөөнүн, тарифтерди түзүүнүн методикасын жарыя кылуу маселеси каралган. Ошондой эле Энергосектордун ишканаларын сатууну токтотуу, энергетика тармагын бирдиктүү улуттук системага кайра түзүп чыгуу ишин баштоо, массалык маалымат каражаттарына электр станцияларынын, электр тармактарынын жана бөлүштүрүү компанияларынын акыркы беш жалдагы финансылык отчетторун толук жарыя кылуу, көз карандысыз аудит өткөрүлүп чет жактан алынган кредиттер менен гранттардын пайдаланышы толук текшерилип чыкканча энергетика тармагына алынган сырткы карыздар боюнча төлөмдөр токтотулсун, деген талаптар коюлган. (AJ)

XS
SM
MD
LG