Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

АКШ жана Орусия өзөктүк курал келишими боюнча чечимге жакындап калды


Эки өлкө Кансыз согуш доорунан калган өзөктүк куралдардын санын кыскартуу боюнча жаңы келишимге байланышкан маселелердин баарын чечүүгө жакындап калганы тууралуу орус тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Андрей Нестеренконун айтымында, тараптар “калган суроолордун баары бир нече саатта болбосо да, жакынкы келечекте чечилет деп эсептөөдө”

АКШ менен Орусия Стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча 1991 –жылы түзүлгөн келишимди алмаштыруу аракетин көрүп келүүдө. Ал документтин мөөнөтү 5- декабрда аяктаган. Барак Обама менен Дмитрий Медведев быйыл июлда Москвада болгон саммит учурунда эки өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын алдыдагы жети жылдын аралыгында 1500ден 1675ке чейин кыскартууну макулдашкан болчу. Эми ошол макулдашуу жана аны ишке ашыруунун механизимдери учурда сүйлөшүлүп жаткан келишим долбоорунда каралуусу керек. Мурдараак америкалык расмий өкүлдөр келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулоо үчүн эки президент климат боюнча учурда Копенгагенде өтүп жаткан саммит учурунда жолугарын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG