Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

АКШ президенти дүйнө өлкөлөрү климаттагы өзгөрүүгө каршы чара көрүүсү керек деп эсептейт


Барак Обама бүгүн БУУнун климат боюнча конференциясында сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, эгер глобалдык климат боюнча макулдашуу жетишилсе, дүйнөнүн бир да өлкөсү каалаганынын баарын эле ала албайт. Ал ошондой эле Америка “Копенгагенде эмне болгонуна карабай”, булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча милдеттемесин аткарарын кошумчалады. Ага катар кыскартуу кандай жүрүп жатканын текшерүү ишинде башка өлкөлөрдөн да ачык –айкындуулук керектигине токтолду:


-Биз убадалар кандай орундалып жатканын текшергидей механизмге ээ болушубуз жана маалыматты ачык –айкындуулук адатында алмашуубуз керек. Бул чаралар тааңууланбашы жана суверенитетке шек келтирбөөсү абзел. Анткен менен келишимдин ишенимдүүлүгүн жана биз милдеттемелерибизди аткарып жатканыбызды кепилдөөсү керек. Буга окшогон жоопкерчилик болбосо, келишим кандай экендигине карабай, кагаздагы гана курулай сөз болот.

Бүгүн - БУУнун климат боюнча конференциясынын мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан бөлүгүнүн мурда меречемделген акыркы күнү. Даниянын борборуна 100дөн ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары чогулду. Бирок келишим долбоорунун тексти пайда болгондугу тууралуу маалымат түшкөн жок. Кабарларга караганда АКШ менен Кытай ортосунда пикир-келишпестик уланууда. Кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун бүгүнкү сөзүнө караганда, алар булганыч газдардын бөлүнүшүн "өз эрки менен" кыскартууну убада кылат, бирок бул жатта эл аралык кызматташтыкка жигердүү аралашууну каалайт.

XS
SM
MD
LG