Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Бүгүн Кыргызстанда чекисттер күнү белгиленүүдө


20-декабрь - Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматында иштегендердин күнү катары 2007-жылдын 12-апрелинде өкмөттүн № 120-токтомуна ылайык бекитилген. Так ушул күндүн коопсуздук кызматкерлеринин күнү катары белгиленишинин тарыхый дагы мааниси бар. 1917-жылы Орусияда ак падыша бийлиги кулатылып, ошол жылдын 20-декабрында Жалпы орусиялык өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлгөн. Советтер союзунун тарыхында дал ушул түзүм ГПУ, ОГПУ, НКВД, МГБ, КГБ болуп өзгөрүп отурган. Ал эми 1918-жылы Пишпек уезддик тергөө комиссиясы түзүлгөн. 30-декабрды мурда СССРдин курамында турушкан айрым башка мамлекеттердин чекисттери да белгилешет.

Кыргызстанда коопсуздук кызматы жарандык коомчулуктун, бир катар саясий кыймылдардын сынына кабылып келатат. Маселен, укук коргоочулар маал-маалы менен улуттук коопсуздук кызматкерлери өлкө коопсуздугу жаатында иш алып барбай эле, бийликке жакпаган адамдарды аңдуу менен алпурушуп калганын айтып калышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG